Menu

Курманбек Бакиев: “Кан досум Маматкадыр чалып, сен ооруба досум, мекенге келериңди билем деди”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-декабрда мурунку президент Курманбек Бакиев Фейсбук баракчасында досу Маматкадыр тууралуу билдирүү жазды.

Анын айтымында, ал бүгүн досунун каза болгонун уккан.

Мындан бир жума мурда эс тартканда тапкан досум Маматкадыр байланышка чыкты. Жакшылык – жамандыкта жанымда болуп кошо тарткан кан досум. Зээндүү жан болгондуктан үнүмдөн байкап шыр эле абалымды дыкааттык менен сурап кирди. Ден-соолугума байланыштуу тумоолоп калганымды айттым. “Сен мен үчүн эң жакын досумсуң. Сен ооруба досум, мекенге келериңди билем. Быйыл тоо аралап тоонун гүлдөрүн топтодум, сен келсең биздин ак ниет, таза аруу балалыгыбыз өткөн “Орто Азияда” жолугушабыз буюрса” – деп тамаша чынын аралаштырып бир сааттай сүйлөштүк.

Бүгүн минтип суук кабарды угуп кабыргам кайышып отурам. Жаткан жериң жайлуу топурагың торко болсун. Жараткан ырайымына алып, мээримине бөлөсүн. Маматкадыр досумдун өмүрлүк жарына, балдарына, жакындарына сабыр тилеймин“, – деп жазды мурунку президент Курманбек Бакиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: