Menu

Россия президенти Владимир Путин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Бөлүшүү:

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин КРнын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Талант Мамытовго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: