Menu

Фото – Европалык тарап ЕСтин КР менен кызматташтыгынын кошумча багыттарын карап көрүүгө даярдыгын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 9-жыйыны өттү. Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү, КР министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Эдуард Ауэр катышты.

Жыйында Европа Союзунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шарлотт Адриэндин Европа Союзунун өлкөлүк серептик документи жөнүндө презентациясы жана 2021-2027-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн жаңы Көп жылдык индикативдүү программанын долбооруна киргизүү жана андан ары талкуулоо үчүн кызматташуунун мүмкүн болгон приоритеттери угулду.

Европалык тарап ЕСтин КР менен кызматташтыгынын кошумча багыттарын карап көрүүгө жана тийешелүү ресурстарды бөлүү маселесин иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.

Жыйындын соңунда Координациялык кеңештин чечими менен КР министрликтерине жана ведомстволоруна кызматташуунун жаңы Программасын иштеп чыгуу боюнча консультацияларды өткөрүү үчүн приоритеттүү маселелер боюнча конкреттүү сунуштарды кайрадан карап чыгуу жана киргизүү тапшырмасы берилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: