Menu

Видео – Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты.

Жусуп Мамайдын эстелиги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы «Манас» скульптордук-архитектуралык комплексинин аймагына орнотулду. Бюсттун автору – скульптор, эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамай тууралуу айтып жатып, «Манас» эпосун сактоодогу анын чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бүгүн кыргыз эли үчүн тарыхый маанилүү күндөрдүн бири. Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биз анын бюстунун ачылышына катышып жатабыз. Бул легендарлуу манасчы «Манас» эпосун сактоо жана кеңейтүү ишине зор салым кошкон жана анын эстелигинин кыргыз жергесинде ачылышы – бул ар бирибиз үчүн сыймык», – деди ал.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, «Манас» бул жөн гана эпос эмес, бул көлөмдүү энциклопедия, ал кыргыз элинин баалуулуктарын жана руханий мурасын өзүнө камтыйт.

«Биз манасчылар дүйнөсүн элестеткенибизде анын башатында Сагынбай, Саякбай жана Жусупа Мамай турат. Акыркысы «Манас» эпосун сактоо,  кеңейтүү жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн салымын кошкон. Мындан тышкары Жусуп Мамай Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук алакаларды жана маданий байланыштарды чыңдоого эмгек сиңирди. Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин эстеликтеринин жанындагы Жусуп Мамайдын бюсту бирдиктүү архитектуралык-скульптуралык ансамбль түзүп, эки өлкөнүн элдеринин ортосунда түбөлүк достуктун символу катары кабылданат», – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Маалымдама: Жусуп Мамай өз өмүрүндө оригиналдуу баяндалган «Манас» эпосунун 16 томун чыгарган. Үчилтиктин башкы каармандарынын жашоосун сүрөттөөдөн тышкары Жусуп Мамай Манастын Семетей жана Сейтектен кийин жашаган урпактарынын жашоосу тууралуу айтып берген.

Мындан тышкары анын демилгеси менен манасчылар мектеби ачылып, ал окуучуларына нечендеген жылдар бою топтогон чыгармачыл жана руханий тажрыйбасын, бардык билимин берүүгө аракет кылган.

Эпосту жайылтуудагы көрүнүктүү салымы үчүн манасчы Жусуп Мамай I даражадагы Манас ордени менен сыйланып,  «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» наамы ыйгарылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: