Бүгүн, 2-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 58 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 30, Ош шаарынан – 5, Чүй облусунан – 7, Талас облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 7, Нарын облусунан – 4 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 81 214 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 203 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 76 351ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 75, Ош шаарынан – 17, Чүй облусунан – 42, Ош облусунан – 7, Талас облусунан –3, Ысык-Көл облусунан – 38, Жалал-Абад облусунан – 13, Баткен облусунан – 6, Нарын облусунан – 2.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ