Menu

Бишкекте 32 жаштагы жаранды “ГБР” күзөт кызматкерлери сөгүп, уруп коюшкан. Шектүүлөр кармалган

Бөлүшүү:

Бишкекте ээнбаштыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 2-январда болжол менен саат 04:45 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде балдар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү ошол эле даректен болжол менен саат 01:20 чамасында арыз ээсин “ГБР” күзөт кызматкерлери сөгүп, уруп койгон.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган К.К. жана 2000-жылы туулган Б.Т. аттуу жарандарды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: