Menu

ӨКМ: Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда

Бөлүшүү:
Ак-Талаа районундагы Ала-Буга дарыясына түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 27-декабрь күнү Ак-Талаа районунун Үгүт айылынын батыш тарабындагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын Жылуу-Суу участогундагы, балык уулоого барган Баетов айылынын тургуну, 1993-жылы туулган С.М.атуу жаран кокустуктан сууга түшүп кеткендиги маалым болгон.
Жаранды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, жакындары жана достору муздарды талкалап, узун зымдарды сууга салып издешүүдө. Суунун агымы катуу болгондуктан суучулдарга сууга түшүүгө мүмкүн эмес болгон.
“Суунун жээгинин муздактыгы -25-30 градусту түзөт. Жеринде күн сайын ӨКМдин Ак-Талаа бөлүмүнүн жооптуу офицери, куткаруучулар жана жакын адамдары, достору менен издөө иштери токтоосуз улантылып келүүдө.
Кечээ 1-январь күнү Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жылуу-Суу участкасынын өйдө жагынан болжолдуу 200 метр аралыктан суунун нугун буруу иштери ДЭУ мекемесинин эксковатору менен суу жарым жартылай бурулду. Дарыяны көпүрөдөн суунун агымы менен жээктеп 15 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлдү. Издөө иштерине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер жана 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБнөн 5 офицер 9 куткаруучу (баардыгы 6 офицер, 15 куткаруучу) жана жакындарынан 30 адам тартылды. Андан тышкары кошумча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун ӨКБнүн №46 бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылып Кочкор-Дөбө, Адыке, Чотуке участакаларынын суунун жээгинде издөө иштерин аткарышты натыйжада табыла элек.
Бүгүн 2-январь күнү издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 1 офицер жана 6 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБнөн 5 офицер 10 куткаруучу жана жакындарынан 8 адам тартылып издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет”,- деп айтылат билдирүүдө.
На изображении может находиться: небо, на улице, природа и вода, текст «REDM NOTE 6PRO MI DUAL CAMERA 2021/1/1 12:58»   На изображении может находиться: один или несколько человек, люди стоят, гора, на улице и природа, текст «REDM NOTE PRD MI DUAL AMERA 2021/1/1 12:2»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: