Menu

Сурабалдиева бачабаздардын аты-жөнү жазылган маалымат базасын түзүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жашы жете электерди зордуктагандардын тек жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Ушундай карта бизге да керек. Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук», – деп жазды Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр педофилдер жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялаган тажрыйба Казакстанда бар экенин мисалга тартты. Ошондой эле Сурабалдиева ата-энелерге, балдарга чоочундар менен сүйлөшпөөнү үйрөтүү зарылдыгын белгиледи.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, өткөн жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: