2020-жылдын 30-декабрында КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын президентинин Аппаратынын алдындагы Адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн башчысы доц. д-р Салим Атай менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, элчи Кубанычбек Өмүралиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгү жаатында Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан пландаштырылып жаткан реформалар жөнүндө кыскача маалымат берген.
Өз кезегинде д-р. Атай президенттик башкаруу формасына өткөндөн кийин Түркияда жүргүзүлгөн реформалар жөнүндө айтып берген. Д-р. Атай мамлекеттик органдарда иштөө үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөр арасында жаш адистерди тандоо боюнча санарип система жөнүндө презентация жасаган. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча система жөнүндө кеңири маалымат берген.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бул багытта, биринчи кезекте, маалымат алуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик органдардын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүдө кызматташтыкты орнотууга макулдашышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ