Былтыр 1723 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 132си коррупцияга айыпталган.
Мындан тышкары 58 аткаминер кызмат абалынан кыянат пайдалануу, 227си алдамчылык, 835и башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу же коромжуга учуратуу айыбы менен соттолгон.
Жалпысынан мамлекетке 47,6 млн доллар чыгым келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө 33,8 млн доллар казнага кайтарылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ