Menu

Токмокто өгөй атасы тарабынан 2 жыл бою зордукталып келгенин айткан 15 жаштагы кыз тосмо арыз жазат

Бөлүшүү:

Өгөй атасы тарабынан 2 жылдан бери зордукталып, кордук көрүп келгенин айткан 15 жаштагы кыз тосмо арыз жазат. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымы боюнча, 15 жаштагы кыз республикалык психикалык ден соолук борборунан социалдык коргоонун кызматкерлери алып кетишкен. Көп өтпөй эле, кызды өгөй атасынын апасына өткөрүп беришкен.

“Кыздын таенеси менен тайэжеси жээнин өздөрүнө алайын дешкен, бирок социалдык коргоонун кызматкерлери өгөй атасынын апасы жакыныраак деп тапты. Эми азыр кызды энеси алып кетти, кыз тосмо арыз жазган жатат. Токмоктогу тергөөчү “өгөй атаң чын эле зордуктады беле?” деп сураганда, ал: “Ооба, зордуктады, бирок мен тосмо арыз жазам” деп жооп берди. Тергөөчү тосмо арыз жазганы менен анын күчү болбой турганын, анткени зордуктоо оор кылмыш болуп эсептеле турганын айтты”, – деп билдирди юрист.

Белгилей кетсек, 18-декабрда адвокат Токмокто өгөй атасы эки жыл өгөй кызын зордуктап келгенин айткан.

“Кыздын энеси бул жөнүндө билип, унчукпай келген. Жакында гана жабырлануучу таежесине жана таенесине баарын айтып берген. Алар милиция чакырышкан, факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 5-декабрда катталган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат”, – деген жактоочу.

Бирок, кийинчерээк кыз адвокаттан баш тарткан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: