Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
Алардын айтымында, 2019-жылы жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылып, анын О.З.аттуу 13 жаштагы кызы Ү. аттуу адам тарабынан зордукталганын айткан. Апасынын айтымында, кызды унаага күч менен отургузушуп, алып кетишкен. Факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча катталган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал кишинин бул кылмышка тиешеси жок экени аныкталган.
2020-жылы 8-декабрда кыз өзү арыз менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, төрт жыл мурун ал чоң апасынын үйүндө жашаган. Өгөй атасы үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, кызды биринчи жолу зордуктаган. Андан бери ал киши кызга бир нече жолу сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ