Британиянын алдыңкы The Guardian басылмасы 2021-жылы саякаттоого ыңгайлуу 12 өлкөнүн тизмесин сунуштады. Анын сап башында Кыргызстан чыкты.
Рейтинг окурмандардын жана саякатчы блогерлердин ой-пикирлерине негизделген. Алар пандемия байланыштуу абал жакшырса, анда тизмедеги өлкөлөргө барууну сунушташат. Рейтингдин түзүүчүлөрү Кыргызстанды “идеалдуу өлкө” деп аташты.
Алар Кыргызстан саякаттоо үчүн идеалдуу инфраструктурасы бар жерде жайгашканын белгилешти.
“Бишкек – заманбап жана жандуу шаар, ал эми айылдарда каада-салтты унутта калтырбай жашаган көчмөндөрдү көрүүгө болот. Кыргызстан – дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири. Ал эми ашканасы дагы абдан даамдуу”, – деп жазылат макалада.
Бул тизмеге Кыргызстандан тышкары Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина, Ланди аралы, Фарер аралдары, башка жерлер жана өлкөлөр кирди. Британ басылмасы Кыргызстанды саякаттоо үчүн мыкты жерлердин тизмесине биринчи жолу киргизген жок. Биздин өлкө 2019-жылы да алдыңкы тизмеде болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ