Menu

УКМК: “Эркин-Тоо” басмаканасынын имараты тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесинен мыйзамсыз чыгарылган

Бөлүшүү:

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сотко чейинки процесстин алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинен имараттарды жана ага жакын жайгашкан жер тилкелерин алып салуу боюнча маселелерди карап жатканда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2002-жылы өкмөттүн токтому менен “Эркин Тоо” гезит-китеп полиграфиялык ишканасы республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген. Мыйзамга ылайык, тарыхый жана маданий мурас объекттерин бузууга, көчүрүүгө, калыбына келтирүүгө, өзгөртүүгө өкмөттүн уруксаты менен гана жол берилет.

Бирок, 2015-жылы “Эркин Тоо” ААКнын акционерлери көрсөтүлгөн жерге көп кабаттуу турак жайларды салуу жана материалдык пайда алып келүү максатында Маданият министрлигинин кызматкерлери жана курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен келишим түзүп, ал имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шектелүүдө.

“Учурда “Эркин Тоо” ААКнын имаратын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүлүп жатат”, –  деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: