Menu

Садыр Жапаров: “2010-жылы сот реформасын жүргүзүп баштаганда Убактылуу өкмөт жалган ушак таратып, бут тосуп, токтотуп койгон”

Бөлүшүү:

“Саясий процесстер бүткөндөн кийин реформалар башталат. Кыскача жол картаны айтсам. Президенттик шайлоо анан референдум болот. Президенттик башкаруу болсунбу же парламенттик башкаруубу деген суроого жооп бересиздер. Андан кийин 98 адамдан турган Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорун даярдап жатышат. Сиздердин жооптон кийин алар долбоордун акыркы вариантын карап чыгышып, кабыл алып, аны парламентке берет. Парламент болсо референдум жарыялайт, бул болжол менен февраль айынын аягына чейин барып калат” – деп билдирди бүгүн, 6-январда президенттикке талапкер Кара-Суу шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып.

“Жаңы Конституция кабыл алынат. Ошого ылайыкталып мыйзамдар кабыл алынат. Эң акырында парламенттик шайлоо белгиленет. ЖКга шайлоо май айынын аягына барат деп болжолдоп жатабыз. Ошол процесстердин бардыгы бүткөндөн кийин укук коргоо органдарында да, сот системасында дагы толук кандуу реформалар жүрөт. Биз сотторду көзкаранды системага айлантабыз”, – деп билдирди Садыр Жапаров.

“2010-жылы депутат кезде сот реформасын жүргүзүү боюнча комитеттин төрагасы болчумун. Бир жарым жылдай иштедим. Ошол мезгилде сот системасын көз каранды кылабыз деп 6 айдын ичинде 5 мыйзам жазып, сот реформасын баштаганда ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, президент, премьер-министр, спикер баш болуп “Ата-Журттун” сотторун өткөрүп алыптыр, туугандарын коюп алыптыр” деп жалган ушак таратып, бут тосуп, токтотуп койгон. Анан өздөрүнө ылайыктуу мыйзам жазып, бүгүнкү күндөгү сот системасын түзүп алышкан. Бүгүн сот системасы толугу менен Ак үйдүн аппаратына көз каранды. Ар бир районго, айылга барбайын бардыгы сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын кабыл алган чечимине даттанышат. Эгерде сот системасын көз каранды системасына айлантсак, анда андай арыз-муңдар болбойт. Ар бир райондо сот мыйзамдуу, адилеттүү чечим чыгарат”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: