Menu

Ташкентте театр алдында муз тебүү аянты ачылат

Бөлүшүү:

7-январда Ташкенттеги Алишер Навои атындагы академиялык театрда ачык асман алдында муз тебүү аянты ачылат.

Туризмди өнүктүрүү комитетинин билдиришинче, долбоор калк арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу максатында ишке ашууда.

Муз аянтынын ачылышына көркөм муз тебүү боюнча Олимпиада чемпиону Алексей Ягудин “Кыш” аттуу автордук программасы менен келери күтүлүүдө. Мындан тышкары өзбек эстрада артисттери да концерт коюшат.

Муз тебүү аянты бир ай иш алып барат. Бул убакыт аралыгында ал жерде маданий, көңүл ачуучу жана спорттук иш-чаралар өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: