Menu

Кубанычбек Нурматов, ЖК депутаты: «Коомдун аң-сезимин тарбиялоо зарыл»

Бөлүшүү:

– Бул чакырылыштагы Эл өкүлдөрүнө ыраазы болгон адам аз, парламентти таркатуу керек дегенге кошуласызбы?

– Биринчиден, бул парламентти эл өзү шайлаган. Экинчиден, парламенттин түзүлгөнүнө бир гана жыл болду. Көп ишке ашыруучу иштер бар. Биз ошону аткарышыбыз керек да. Парламентти кааласа таратып, кааласа жаңысын апкелгендей бул оюн эмес да. Эл сабырдуу болушу керек. Мен ар кандай жолугушууларда дагы айтып келем көпчүлүк учурда эл өзү катачылык кетирип, туура эмес чечим чыгарышып, көп нерсени тереңинен аңдабастан ката кетиришет, муну моюнга алуу керек. Бул жакта алты партия ишин алып барып жатат, коалиция түзүлгөн. Парламент тандаган адамдар министр боло алат, жана мыйзам чыгарууда алгач парламент чечим чыгарып анан президентке жөнөтүлөт. Албетте катачылыктар болуп жатат, бирок бирөө жаман болсо анын артынан баарын жек көрүүнүн кажети жок. Биз иштешибиз керек да, туурабы. Эң алгач эл өкүлү катары элиме кайрылат элем. “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот” деген улуу сөз бар, ошол сыңарындай ар бирибиз өзүбүздөн тазалыкты баштообуз керек. Ошондо гана таза коом түзүлөт, келечекке карай ишенимдүү кадам таштай алабыз. Ал эми болбогон кепке аралашып, ээрчиме болуп кете берсек анда эч кандай майнап чыкпайт, коомдун өлгөнү ошол болот.

– Кыргызстандагы саясаттын системасы кандай? Бул кыргыз менталитетине ылайык саясатпы же таңууланган саясатпы?

– Негизи айтат элем, башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин мамлекеттин саясаты асман менен жердей. Бизде сөз эркиндиги чексиз берилген. Азияга демократиянын келиши алгач Монголиядан башталган. Ал эми Орто Азияда Кыргызстанда башталган. Кандай болгон учурда дагы ачык айтып кээде чектен дагы чыгып кетип жатабыз. Биз бийлик менен укугубузду талашканга чейин баруудабыз. Бир чети туура бирок муну дагы колдоно билишибиз керек. Ортодо сепаратисттик чагымчылдык кылуунун кереги жок. Менимче, бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясат стабилдүү.

– Акыркы учурда шылдыңга анан жылдызга айланган кесиптештериңиз четинен саналып чыга баштады? Буга кандай карайсыз? Эл ишенген эл өкүлдөрү эл турмушунан кабары жоктугу өтө уят нерсе го…

– Ооба, бул маселе албетте абдан кейиштүү. Туура айтасыз, уят нерсе. Сөздү ойлонуп сүйлөө керек. Бул албетте кабардын жоктугунда, иштин анализденбегенинде. Ар бир маселени козгоордо алгач изилдөө жүргүзүү керек, статистика деген болот. Анан балп эттирип айтуу эң оболу эл өкүлдөрүнө уят нерсе деп эсептейм. Негизи эле динди саясатташтыруунун кереги жок. Кээде мыйзам киргизерде ошол алып чыгуучу маселе анализденбей келет. Ошонун кесепетине көп нааразычылык туулууда. Тээ Союз учурунда эле адамдын жашоо турмушуна, маданиятына ылайык мыйзамдар иштелип чыккан, бирок жашоо бир ордунда турбайт ошондуктан шартка жараша Конституцияга жана башка керектүү Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип туруу зарыл. Бирок ушул эле учурда Мыйзамдарды өзгөртүп коюп эле койбостон, алардын туура, так иштешин катуу көзөмөлдөшүбүз керек. Себеби, мыйзамдын аталышын өзгөрткөн менен заты ошол бойдон калып жатпайбы, туурабы. Мисалы, кылмыштар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизсек ал башкача болуп калбайт Ошол эле уурулук, адам өлтүрүү жана башкалар кала берет. Биз мындай нерселерден алыс болуп коомубузду жумуш менен камсыз кылууну ойлонушубуз керек. Эгерде жумушчу орундары көп болсо кылмыш дагы азаят. Ошол эле совет доорунда адамдардын 94-95 пайызы билимдүү деп эсептелчү, мейли ким болбосун. Азырчы, билимсиздердин заманы, кайры сурагандар көбөйдү өзгөчө жаштардан көп кезикчү болду. Бул мамлекетибиздин деградацияга учурап, коомдун бузулуп баратканына кабар берет. Эң оболу коомдун мүнөзүн түзөшүбүз керек. Миграция дагы азаят эле. Мисалы ар бир аймакка өзүнүн баалуу сырьёсуна жараша ишканаларды ачып берсек эмнеге болбосун. Мисалы, Нарынга эт иштетүүчү, Таласка фасоль иштетүүчү, Баткенде өрүк жана башкалар. Бул эң сонун кризистен чыгуу маселеси. Албетте башында чыгым көп болот бирок биз муну менен көп нерсени сактап калып жатпайбызбы. Эң негизгиси сырткы миграция токтойт эле, ар бир үй-бүлө өз үйүндө болуп эч кандай ажырашуулар болбойт эле, бала эне мээримин, атанын тарбиясын алып чоңоёт. Булар буюрса ишке ашат деген чоң үмүттөмүн.

– Кумтөр боюнча эмне дей аласыз? Экс-депутат Садыр Жапаров жакында ал жакта катастрофа болуп, уулуу заттар жайылат деп какшап келүүдө. Эмне үчүн бул маселеге тез арада чара көрбөй жатасыздар?

– Кумтөр бул мамлекеттин орчундуу маселеси. Каражат жагынан дагы экологиялык жактан дагы алып караганда курч маселе.  Бул боюнча атайын адистер бар алар иш алып барып жатышат, кумтөр маселеси каралбай унутта калды дегенден алыс болуңуздар. Экотехинспекция бул жаатта көп жумушту алып барып жатышат. Тээ мурун Акаев, Бакиев убагында Кумтөр маселеси боюнча көп катачылыктар кеткен, азыр ошолордун азабын тартып жатабыз. Кумтөр азыр Кыргызстанга экология боюнча 15 миллиард жана соцфондго 3,5 миллиард сом карыз. Негизи чет өлкөлөрдө салык карызын төлөбөй коюуу катуу жазага алынат. Бул жана башка маселелерди чечүү үчүн аларды сүйлөшүү процессине көндүрүү керек. Бул үчүн керек болсо атайын рычагдарды иштетүү керек. Мен ойлойм Өкмөттө тиешелүү рычагдар жетиштүү деп. Эгерде уулуу заттар жайылып залакасы тийсе бул дүйнөлүк масштабдагы катастрофага айланат. Коңшу мамлекеттер анда жеп жутат кыргызды. Буга жеткирбей ошондуктан тез арада чара көрүү керек деп ойлойм.

– Эми саясаттан тышкаркы суроо, маданият , тил маселеси? Эмне үчүн кыргыздын баалуу сапаттарын биз глобалдуу проблемага айлантып салдык?

– Биз эң оболу адабий тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Эгемендикти алганга чейин аралашма тил болуп калган. Бул маселеге эми көңүл бөлүнүп терең изилдене баштады. Буга мисал жакында өткөн көчмөндөр оюну. Карагылачы кыргыздын улуулугун, нарктуулугун бүткүл дүйнө жүзү таанып билди. Мында кыргыз улуу эл экенин далилдеди. Биздин брендибиз ушул көчмөндөр оюну болушу керек. Бул маданият жаатында ал эми тил жаатында биз көп нерседен уттуруп жатабыз. Себеби, коом жаңыланган сайын кош тилдерди биринчи орунга коюп эне тилди унутта калтырууда. Ар бир аймактын ар бир айылында бул маселеге терең көңүл бөлүү зарыл. Жада калса улуттук тилди билбегендерге, билип туруп аны үйрөтпөгөндөргө жаза катары салык же болбосо коомдук иштерге салуу керек. Анан эң оболу ЖОЖдордогу бүтүрүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Аймактык тажрыйба алмашуу программасын түзүп аны үч жылга бекитүү керек. Мына ушундай катуу тартип менен гана тилибиз, маданиятыбыз алдыда болуп эч кандай маселе туулбашы керек.

– Тарбия тууралуу… Интернетмания тээ бешиктен бели чыга элек баладан баштап алтымыштан ашкан аксакалдарга чейин басып алгандай. Мисалы чет мамлекетте интернеттин көпчүлүк сайттарын тыюу салынган. Эмне үчүн Кыргызстан бул тартипти колдонбойт?

– Эң туура айтасыз. Интернет оорусу азыр кыргыз коомун маңкуртка айлантып баратат. Мектеп окуучулары бул азгырыксыз күнүн өткөрбөй калды. Мына жакында эле интернет тармакка чыгып кеткен окуучу кыздын маселеси. Бул өтө уят нерсе, бул өтө кейиштүү маселе. Бул жаатта билим министрлиги менен биргеликте тыгыз иш алып баруубуз зарыл. Мектептерге телефон алып барууга тыюу салуубуз керек. Менин жеке депутаттык ишим ушул тарбия жаатында. Эгерде келечегибизди татыктуу тарбиялап азыртадан баштасак кийинки он жылдыкта мындай глобалдуу маселелер түп тамырынан жок болот.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: