Menu

Ташбү Каразакова, кыл тамырчы, элдик дарыгер: “Адамда оору пайда болгонго чейин ички жан дүйнөсү ооруйт. Эгер адам баласынын ички жан дүйнөсү оорубаса анда ал адам көпкө жашамак”

Бөлүшүү:

 

  • Эже, тамыр кармап дартты аныктап, чөптөрдөн дары жасап көп адамды айыктырып жүрөсүз, өзүңүздүн бул ишиңиз жөнүндө, табыпчылык сырларыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
  • Өзүм Ноокат районунан болом. Медициналык орто билимим бар. Педагогикалык жогорку билимге ээмин. Химия, биология мугалими болуп “Ноокат” атайын билимканасында  окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем. Азыр пенсиядамын. Табыпчылык апамдан калган. Таятам жана чоң энемдин атасы да молдо кишилер болгон. Мага табыпчылык бул адамдар тарабынан берилген. КРнын “Салттуу дарыгерлер” ассоциациясынан, Искак Ата элдик дарыгерлер борборунан окуганмын. Табыпчылык боюнча сертификат, күбөлүк, диплом жана лицензияларды алгам. Азыр Россия Федерациясынын ЭНИО инженердик академиясында сырттан окуп жатам.

Мен тамыр кармап дартты аныктайм. Ошол оорусуна карап чөптөрдү колдоном. Дары чөптөрдүн касиети менен алардын таасири менен көп адамдар менин колумдан айыгып кетип жатышат. Кээ бирлерин тамыр кармаганга ишенишпей турган болсо УЗИге жиберем. Кандын, зааранын жалпы анализдерин тапшыртамын. Эгер айыктыра албасам, ага көзүм жете турган болсо ачыгын айтып кетирем. Табыптар деле мектептеги түрдүү предметтерди окуткан мугалимдердей эле болуп калышат. Баарын биле берчү табыптар болбойт.

  • Дары чөптөрдү кайсы жерлерден аласыз жана аны даярдоонун ыкмалары татаал болсо керек?
  • Дары чөптөрдү чогултуунун аны даярдоонун ыкмалары татаал болот. Ар бир адам эле аны чогултуп, дары жасап кое албайт. Чөптөрдү топтоонун да өз мезгили болот. Кээ биринин жалбырагы же тамырын алыш керек. Бир өсүмдүктүн жалбырагы кайсы бир ооруга дары болсо, башка өсүмдүктүн тамырынан укмуштуудай дары жасаса болот дегендей. Аба ырайынын, мезгил учурун тандаган чөптөрдүн өз убагын кармап калуу керек. Көлөкө, бир аз шамал, асты үстүнөн болушу керек. Кайра топтоп алганда күбүлүп калбагыдай болушу кажет. Сактоо кадимки эле кордон коробкаларга салып капталдарын тешип, жазып коюу керек. Чөптүн жер бетиндеги бөлүгү 1-2 жыл, жер астындагы бөлүгү 2-3 жыл пайдаланылат. Чөптү Суусамырдан, Чаткалдан, Чоң Алайдан, Баткенден топтойм. Дагы бир дарылык касиети укмуштуудай бир чөп бар, аны Тажикстан менен Афганистандын чек арасы турган аймактан алдыртам. Аны кырма дары деп коет. Бул кырма канды тазалап, көптөгөн дартка чекит койчу касиетке ээ.
  • Алдамчылык менен шугулданган табыптар да жок эмес го, буга кандай дейсиз?
  • Азыркы медицинага чейин, илгерки ата-бабаларыбыз табыптарга көрүнүп, дары чөптөрдү колдонуп дарыланып, айыгып эле келишкен. Дарыканадан алган дарылардын көбү химиялык жол менен жасалат. Мындай дарылар бир ооруну айыктырганы менен экинчисин пайда кылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми дары чөптөрдү билген киши даярдап берген болсо жыйынтыгы жакшы болот. Албетте көпчүлүк арасында алдамчылык менен күнүн көргөндөр да жок эмес. Мынча күндө айыктырам деп куру убада бергендер жок эмес. Айласы кетип оору менен алышып тургандар айтканын угуп же айыккан оорусунан жок ортодо калышат. Ошол себептен элдик дарыгерлер врачтар менен чогуу биргеликте иш алып барышыбыз керек деп ойлойм. Азыр медицина аябай өнүктү. Ооруну аныктоочу жана айыктыруучу аппараттын түрлөрү бар. Адамды дарылоо иши жакшы болуп бара жатат. Бир гана көңүл иренжиткен нерсе, акчаң болсо врачтар да кайдигер мамиле кылбай жакшы дарылашат. Бул да жолго коюлаар деп үмүт кылам.
  • Кээ бир табыптар сүлүк менен дарылап кан алышат го, булар санитардык абалга жооп береби?
  • Ооба андай табыптар көп. Бардыгы эле атайын текшерүүдөн өткөн деп эч ким кепилдик бере албайт. Булар сүлүк койгондон тышкары гепатит же бруцеллез же кургак учук болгон адамдан кан алып, ошол эле буюмдарды таза адамдарга колдонуп жиберишкен учурлар жок эмес. Ушинтип жок оору пайда болуп, какаганга муштаган дегендей бир оорусунун үстүнө экинчисин жугузуп кете беришет. Убагы келип, элдик дарыгерлер да бир сыйра такталат деп ойлойм. Эң негизгиси табып өз иши менен кошо медицинаны билиши  керек.
  • Оорунун көбү эмнеден улам пайда болот?
  • Адам баласынын денесинде оору пайда болгонго чейин ички жан дүйнөсү ооруйт. Эгер адам баласынын ички жан дүйнөсү оорубаса анда ал адам көпкө жашамак. Бирок бул мүмкүн эмес. Анткени турмуштагы көйгөйлөр болбой койбойт. Бул адамга оору чакырат. Эң биринчи  чогуу жашаган адамдар бири-бирин капа кылышпаса бул үй-бүлөдө ооруган адам болбойт. Экинчиси оорулардын уясы ашказан, “ичиң ооруса оозуңду тый”  дейбиз го. Туура тамактанбагандан көп оору пайда болот. Ашыкча тоюу, жатаарда күчтүү тамак жеп жатуу, дайыма эле бир составдагы тамактарды жей берүү, өтө туздуу, өтө куурулган тамактар оору чакырат.
  • Сизге көбүнчө кайсы оорулар менен кайрылышат?
  • Азыр мага кайрылган адамдардын көбү ашказан оорулары менен, простатит болгондор, жапжаш туруп эле импотент болгондор, кан басымы боюнча жана жарасы барлар көп келишет. Өзүбүздөн чыккан продукцияларды көп колдонушубуз керек. Газдалган ичимдиктер, гамбургерлер да зыян. Негизи эле сырттан келген тамак-аштарды жана даяр тамактарды сатып албай эле койгон оң.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: