Menu

№12, «Өнүгүү-Прогресс»: Шаар мүлкүнүн тизмеси бишкектиктер үчүн ачык көрсөтүлүшү керек!

Бөлүшүү:

«Биз жаңы конуштардагы муниципалдык имараттарды жеке менчик медициналык жайларга берүүнү колдойбуз. Мындай кадам ошол жаңы конуш тургундарынын бир топ түйшүгүн жеңилдетмек. Ар бир жашоочу сапаттуу жана жакын жердеги медициналык тейлөөгө ээ болмок. Бирок, муниципалдык имараттардын тизмеси эч бир жерде ачык көрсөтүлбөгөн. Муниципалитеттин балансында канча жана кайсы жерде кыймылсыз мүлк бар экендиги белгисиз», – деп билдирди Бишкек шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутаттыка талапкер Таалайбек Сариев.

Анын эскертүүсүндө, жакында өлкөнүн премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  Жогорку Кеңештин отурумунда  2017-жылы  республика боюнча мамлекеттик менчиктин бирдиктүү электрондук форматтагы реестри түзүлөөрүн кабарлаган.

«Ушундай эле онлайн-база борбор шаарыбызда дагы болушу керек, шаар мүлкүнүн толук тизмеси түзүлүп, ага ар бир шаардыктын кирүү мүмкүнчүлүгү болушу зарыл», – деп белгилейт Таалайбек Сариев.

Талапкердин айтуусунда, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы БШК курамында муниципалдык менчиктин КРнын өкмөтү тарабынан иштелип жаткан база сыяктуу  онлайн-реестрин түздүрүүгө болгон аракетин жумшайт.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: