Menu

Өмүрбек Суваналиев, генерал: “Атамбаев айткандай “2010-жылы Бабанов жашырынып жүргөн” эмес, мен, Бабанов, Турганбаев үчөөбүз 7-апрель күнү кечинде эле Атамбаев менен жолукканбыз”

Бөлүшүү:

“Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүздөгөн, миңдеген бабаларыбыз канын берди Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн. Мына,  2010-жылы канча жигитибиз өлдү анын ичинде 9 таластык жигит аянтта өлгөн, Бабановдор жашынып жүргөндө. Уят. Тарыхты унутпайлык, тарыхты унутпайлык”, – деп билдирди кечээ, 18-октябрда Алмаз Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында студенттерге президенттик стипендия таратып жатып.

“2010-жылы 7-апрелде Бабанов эч жака жашынбай эле Бишкекте жүргөн. Биз, мен, Өмүрбек Бабанов жана Мелис Турганбаевдер Бабановдун офисине чогулуп, өлкөдөгү абалды талкуулап жатсак Атамбаев телефон менен  үйүнө чакырып калды . Биз үчөөбүз чоогу бардык”, – деп комментарийледи ИИМдин экс-министри, генерал Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 19-октябрда Кyrgyztoday.кg. маалымат агенттигине

““Ала-Тоо” аянтында эл кырылып жатса Атамбаевдин үйүндө тайралаңдап жатканы мага жаккан жок. Ошон үчүн мен дароо эле “Ай, тиякта эл кырылып, мародерлук башталганы жатса сен эмне үйдө жатасын? Тезинен Мелис Турганбаевди Бишкек ГУВДсына начальник кылып дайындагыла, мародерлукту токтотолу” дедим. Атамбаев: “Эч нерсе болбойт, Чыңгызхан деле ар бир шаарды жеңгенден кийин 3 күн өз аскерлерин жөн койгон. Алар каалаганын кылышкан” деп жооп берсе болобу. “Андан көрө Өмүрбек сен айтчы, сага КГБны берейинби же МВДыныбы?” дейт. “Сен эмне, мага кызмат бергидей президент болуп калдыңбы? Абалы өлкөдөгү кырдаалды тынчтандыралы…” деп ачуу сөздөрдү айттым. Биз бетме-бет турганыбыз үчүн унчуга алган жок. Анан мен кетип калдым. Ошого ызаланып, кийин жан сакчыларына далдаланып алып, менин дарегиме уят сөздөрдү айтты. Бабанов болсо эч жака качпай эле “Республика” партиясын түзүп, күздөгү парламенттик шайлоого даярданып, Бишкекте жүрдү. Ошондуктан Атамбаевдин “Бабанов 2010-жылы жашырынып жүргөн” дегени карандай калп”, – деди генерал Суваналиев.

Ошондой эле, кечээ 18-октябрда  Атамбаев: “Чыңгыз Айтматов үчүн Таластыктар бир тыйын берген эмес, анын күмбөзүн да өз акчама бүтүргөм” деп жарыя кылды. Бирок социалдык түйүндөрдө Өмүрбек Бабанов Чыңгыз Айтматовдун эстелиги үчүн 800.000. сом бергендиги боюнча документтер жарыяланды. Андан сырткары Бабанов көзүнүн тирүүсүндө Чыңгыз Айтматовго “астыңызга көлүк болсун” деп жаңы жолтандабас белек кылганы белгилүү болуп, Атамбаевдин айткандарын жокко чыгарды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: