Жалал-Абад шаарында окуган чет элдик студенттер өздөрүнүн улуттук майрамдарын белгилешти, ал шаар коомчулугунда кызыгууну жаратты. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Индия, Непал, Шри-Ланка өлкөлөрүнөн келип окуган студенттер «Понгал”, “Биху”, “Лохри” жана “Макар-Санкранти” аттуу элдик-улуттук майрамын өткөрүштү.
Салтанат учурунда окуу жайдын Медицина факультетинде окуган, Индия, Пакистан, Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүнөн келишкен студенттер өздөрүнө тиешелүү каада-салттарды, аскер салттарын, жүрүм-турум этикеттерин, ыр-бийлерин театралдашкан эпизоддор аркылуу көргөзүшүп, университеттин жамаатынын кызыгуусун туудурду.
Уюштуруучулардын айтымында, жогоруда аталган майрамдардын аталыштары негизинен бир эле майрамды түшүндүрөт. Ар өлкөдө аталышы ар башка айтылат, бирок майрамдын маани-маңызы бирдей эле. Ошондуктан бул байыркы улуттук майрамды ар кайсы өлкөдөн келишкен студенттер кай жерде, кайсы мамлекетте болушпасын чогуу жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракеттерди жасашат.
Эскерте кетсек, ЖАМУда 2017-2018-окуу жылына карата жалпысынан чет элдик студенттердин саны миңден ашса, бул улуттук майрам салтанатына 400дөн ашуун студенттер күбө болушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ