Оома заман дегендин жүзү миңден ашуун экен. Кечээ эле бирөөнү бооз уйдай кылып мактагандар бийликтен кол жуур замат ашатып калышарын байкоого алып жатпайлыбы? Ошол Болот Сүйүмбаевди “үч тамганын” орун басарлыгына шайлаганда тимеле кантип жагынаарын билбей бөйпөлөктөп жатып калгандарга эмне жин тийдиби? Ким билет коомдо алмашуу болуп турат,балким кайрадан ээрге минип калса баягы күн карама эргулдар биринчи чуркап келип тизесин кучактаарын жон терибиз аркылуу билип жатабыз.
Көрсө адамдын ичи калтырак болот тура. Болбосо ат үстүндө жүргөндө койун сойуп берип, аттан түшсө артына бычак малууга чейин барыштын өзү кооптуу. Ошондуктан калыстыкты карманууга дитибизди буралы. Болоттун жарыгы кимге тийгенин деле уккан эмеспиз. Бирок, башкаларга салыштырмалуу адилеттүү экендигин азыр жамандап жаткандар далай ирет даңазалашкан. Баса, дипломунун жасалма эместигине да далилдер келтирилди. Болгону мурунку ажонун жакын кишиси болчу деген шылтоону кармануунун кедергиси тийип жатканы айдан ачык. Деги адамдык сапатыбызды тебелей бербейличи, ээрчимеликтен кайталычы!
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ