Menu

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: «Бул жерде «Беш-Сары» компаниясынын бир нече көп кабаттуу үйлөрдү камтыган долбоору ишке ашат”

Бөлүшүү:

КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев биздин агенттикке 9-июнда берген учкай маегинде борборубуздун А.Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,1 гектар аянттагы анын үйү делген турак-жай курулушун көрсөтүүнү убада кылган.  Биз мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал курулушка барып, жеринен сүрөттөргө тартып, кеңири маек да алып келдик.

-Камчыбек Жолдошбаевич, кээ бир ММКлар бул 2,5 гектар жерге сизди үй салып алыптыр деп жазып жатышат, анын канчалык чындыгы бар?

– Биринчиден бул жерде 2,5 эмес, 2,1 гектар жер бар. Мындан 20 жылдай мурун “Беш-Сары” компаниясы бул жерди сатып алган, бекер алган эмес. Ошондон бери акырындап, бул жерде “Беш-Сары” компаниясынын бир нече көп кабаттуу үйлөрдү камтыган чоң долборун ишке ашырсак деп, этап-этап менен куруп келатабыз. Азырынча “Беш-Сары” көп батирлүү турак жай комплексин салып жатышат, бирок бүткөрүлө элек. План боюнча бул жерде бир нече көп кабаттуу үйлөр курулуп, батирлерин өзүбүздүн кызматкерлерге жана бюджетте иштегендерге ипотекалык кредит менен алууга мүмкүнчүлүк түзсөк дешүүдө.

-Анда неге бул долбоорду сизди каралоо үчүн пайдаланып жатышат деп ойлойсуз?

-Өзүңөр билесиңер, мүнөзүм чукул, түз эле бетке айтар сапатым бар, ар бир нерсени өз аты менен атайм, анткени менин активдүү турмуштук позициям бар. Мезгил-мезгили менен шайлоочулар менен жолугушуп турам, алардын көйгөйлөрү көкүрөктө калат, анан мен мүчө болгон комитеттин жана парламенттин жыйындарында курч пикирлеримди айтам. Албетте бул баарына жага бербейт. Чектен чыккан жетекчилерге түз эле бетине айтам, муну менен алар кетирген кемчилигин сезип, сабак алса деп тилейм. Акыркы мезгилде өзүңөр билгендей корруционерлерге, өзгөчө Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу Кытайдан жана башка долбоорлорго эл аралык каржы институттарынан келген кредиттерди уурдаган мурунку жогорку кызмат орундарын ээлеген чиновниктерге аябай ачуум келип, сындаганым алардын түн уйкусун качырды окшойт.

-“Улутман” гезитинде экс-президент  Алмаз Атамбаевге да катуу сын айтыпсыз?

-Ооба, өзү бийликке алып келген досу Сооронбай Жээнбековго эми тоскоол болбосо деп айттым, чындыгында Сооронбай Жээнбеков достук шертин аткарды, Атамбаев да шертин аткарыш керек. Муну мен айтпасам ким айтат? Алмаз экөөбүз жашыбыз боюнча да теңбиз.

-Кыргызэкотехинспекция жана анын жетекчиси Канат Муратбеков тууралу да катуу сындарды айтып жаттыңыз эле?

-Ал менин кызматтык милдетимдин алкагында болду.  Мен мүчө болгон парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кыргызэкотехинспекциясында “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүп, ага мени жетекчи кылып шайлашкан.

Сокулук районундагы Шопоков шаарчасынын тургундарынан бизге кайрылуу келип түшкөн эле , анда алар ал жерде жайгашкан темирди кайра иштетүүчү мини завод –  “Лахор Стиль Микс” ЖЧКсы экологиялык жана техникалык мыйзамдарды бузуп жатышканына арызданышкан. Текшере келгенде анын баары далилденди. Ошондой эле “Лахор Стиль Микс” ЖЧКсы эски темирлерди эритип кайра арматура жасаганда ал курулуш стандарттарына туура келбей турган сапатсыз экенин ачыктадык. Биздин курулуш компаниялары арзанына кызыгып, арматураларды Россиядан эмес ушул эле “Лахор Стиль Микс” компаниясынан алышат экен. Бирок Россиянын металлургиялык заводдорунан чыккан арматура менен биздин “Лахордун” арматурасын салыштырууга болобу? Таптакыр жакындабайт. Анан ошол арматураларды арзанына карап, курулуш компаниялары көп кабаттуу  үйлөрдүн курулушуна пайдаланып жатышат.  Эртең жер титиресе эмне болот? Кыргызэкотехинспекция буга көз жумуп келген. Менин койгон талаптарымдын негизинен гана алар чыгарган продукциялардын сапаттары текшерилип, стандарттарга жооп бербегени аныкталып, завод токтотулуп, 30 миң сом айыппул салынды.

Ысык-Көлдө курорттук сезон ачылып жатса ар кай жерде тартипсиз таштанды полигондор пайда болуп, көбөйүп жатат. Кыргызэкотехинспекция жеринен текшерип анын күнөөкөрлөрүнө чара көрүүнүн ордуна буга да көз жумуп жүрө берген. Кыргызэкотехинспекциянын ар бир кызматтык оруну жемкорлукка кабылганын парламенттен айтып чыктым. Натыйжада текшерүү жүрүп, Кыргызэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбеков иштеринен кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан бошотулду. Ал эми Кыргызэкотехинспекциядагы көп сандаган мыйзам бузуулар жакында биздин комитетте каралганы турат.

КТРКнын гендиректору Илим Карыпбековдун ишин сындап, КТРКны “Карыпбековдун кара жащиги” атадыңыз, аны кызматкерлери Гитлерге салыштырып жатканын ачыкка чыгардыңыз?

-Ооба, жакында Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу Кеңешинин отчету угулуп, анда мен КТРКнын гендиректору Илим Карыпбековдун кыңыр иштерин, иш стилин, кыскасы олуттуу кемчиликтерин, жемкорлугун катуу сындап, бетине эле айттым.

Мына, жогоруда аталган кызмат адамдарынын жана башка чиновниктердин жемкорлугуна менин депутат катары айткан сындарым алардын кекиртегине тыгылган сөөк болуп, алар массалык маалымат каражаттарына мен тууралу каралоочу буйрутма материалдарды берүүгө түрткү болду деп божомолдойм.

Журналисттер деле буйрутма материалдар болсо эле чыгара бербей, журналисттик этиканы сактап, такталган маалыматтарды таркатышса жакшы болмок. Өздөрү деле жазып жатышпайбы, бул үй “Беш-Сары” компаниясынын балансында турган, бүткөрүлө элек үй экен деп. Анан эмнеге Камчыбек Жолдошбаевди каралоого аракеттенип жатышат?

Мен алгач спортсмен болдум, анан мугалим болуп иштедим, кийин замандын агымы менен ишкерликке өттүм, мамлекеттик казынага миллиондогон салыктарды төлөдүм, калган кирешеден мыйзамдуу жол менен байлык топтодум. КР Жогорку Кеңешине эл тарабынан депутат болуп шайландым. Аткаруу бийлигинде жогорку кызматтарды ээлеген жокмун, анан кантип мени коррупционерлердин арасына киргизүүгө жанталашып жатышканына таңгалам, эл өзү электен өткөрүп, чындыктын кайда экенин өздөрү аныктап аларына ишенем.

Маектешкен Бактыбек Эргешов

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: