Menu

Депутат Карамат Орозова: «Ушул кезге чейин социалдык колдоого муктаж жарандардын так саны жок, өкмөт өкүлдөрү ар качан ар башка маалымат берүүдө»

Бөлүшүү:

Жөлөкпул чектөө жаатында коррупция күч алган. Ал такай эле жардамга муктаж адамдарга бериле бербейт. Бул көйгөй Баткен облусунун тургундары тарабынан көп жылдардан бери көтөрүлүп келатканына карабастан, азыркыга чнйин чечилбей келет. Алтургай, ушул кезге чейин социалдык колдоого муктаж жарандардын так саны жок, өкмөт өкүлдөрү жылдык минималдуу киреше чеги боюнча да ар башка маалымат берүүдө. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊеште социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Жөлөкпул чектөө жаатында коррупциялык жосундар жоюлбаганын моюнга алган вице-спикер Чолпон Султанбекова жакыр бүлөлөрдүн санын ар орган ар башка айтып жатканын белгиледи. «Биз бул тармакта коррупциялык жосундар бар экенин башынан айтып келебиз. Аны дароо жоюш кыйын, ошентсе да аракеттер бар. Азыркы учурда жылдык минималдуу киреше чеги 900 сомду түзөт, бирок азыр аны көбөйтүү чаралары көрүлүүдө. Мурдагы мыйзам дагы жакшы болчу, азыркы мыйзам дагы дурус, бирок аны башкаруу жана аткаруу жаатында калпыстыктар бар. Ошондуктан, административдик чараларды өркүндөтүү зарыл», – дейт ал.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын айтымында, Кыргызстандагы жакырчылыктын чеги 2016-жылы 27 пайызды түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгында ал 25 пайызга чейин кыскарган.

Жакырчылыктын кескин кыскарып баратканына анчалык ынана бербеген депутат Карамат Орозова бул маселе тармактык комитетте талкууланып жатканда, өкмөт өкүлү минималдуу киреше чеги 1400 сомду түзөрүн айткан. «Эми, кимисине ишенебиз? Ал эми жакырчылыктын чеги 25 пайызга чейин азайганына андан бетер ишениш кыйын. Баткен облусунун, анын ичинде Кадамжай районунун тургундары вице-премьер-министрдин өзүнө да бир нече жолу жөлөпул чектөө жаатында коррупция бар экенин айткан, бирок жыйынтык жок», – деди ал.

Эл өкүлүнүн мындай пикирин колдогон депутат Аида Касымалиева Өкмөт мурдагы мыйзамды начарлатуу менен, жаӊы мыйзам долбоору катары сунуштап жатканын баса белгиледи. «Мурда депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзам мындан кыйла жакшы болчу. Өкмөт сунуштаган долбоордо көп такталбаган нерселер бар экен. Болгону, мыйзамга «балага сүйүнчүнү» кошуптар да, айрым беренелерди начарлатып алып келиптир», – деп, ал депутаттарды мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: