Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 9-июлдан тартып, жайкы эмгек эргүүсүнө чыгып, Каспий деңизинин түркмөн жээгиндеги “Аваз” курортунда небереси Керимгулы экөөсү эс алып жатышкандыгын мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги кабарлады.
Эс алуунун биринчи күнү президент Бердымухамедов небереси менен велосипед тээп, ар түрдүү гимнастикалык машыгууларды жасап, акырында чоогу отуруп ыр жазышты.
Эс алуунун экинчи күнү ошол жаңы жазышкан ырын ырдап чыгышты. Ыр “Спорттук Түркмөнстан” деп аталып, күзүндө, сентябрда өтчү “Амуль-Хазар-2018” эл аралык автораллиге арналат да, түркмөндөрдүн спорттогу жетишкендиктерин жана жаратылышынын кооздугун даңазалайт.
Видео: “Хроника Туркменистан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ