Menu

Кыргызстан айыл-чарбаны өнүктүрүүгө 39 млн евро алат

Бөлүшүү:

Кыргызстандын өкмөтүнө Европа инвестициялык  банкы гранттык негизде 17 млн евро каражатын, жана 12 жылга чейинки мөөнөткө  0,5% менен 22 млн евро насыя берет, деп  15-октябрда Каржы министри Адылбек Касымалиев агрардык маселелер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда билдирген.

Аталган каражаттар айыл чарбасын өнүктүрүүгө, лабораториялардын курулушуна жана  дыйкандардын ар кандай муктаждыктарына жумшалаарын министр билдирген.

Ошондой эле министр каражаттардын 5  млн евросу  банктын талабы боюнча чет элдик  консултанттардын кызматына жумшаларын депутаттарга айткан.

Касымалиев  насыянын  9 миллионун Кыргызстан эки жыл мурун алганын белгиледи.

Анын ичинен 3,5  млн евро дыйкандарга берилген, ал эми 5 млн евро болсо Немис Банкында экенин министр мырза айтты.

Айта кетсек бүгүнкү күндө Кыргызстандын сырткы карызы $3млрд түзөт, анын негизги көлөмүн ($1 млрд 706,4млн) өлкө Кытайдын Экспорт-импорттук банкына карыз.

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын карыз кайтаруу мезгилинин туу-чокусу 2027-жылга туура клет, анда өлкө өзүнүн ички жана сырткы карызынын $400млн төлөөсү керек.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: