Menu

Президенттик аппараттын башчысына Кайрылуу: Досалы балам, акыркы үмүтүм сенде, жооп күтөм

Бөлүшүү:

Урматтуу Досалы Акпаралиевич!

Атаңдай болгон, кайгысы ичине толгон мендей карыянын кайрылуусуна беш мүнөт убактыңды бөлүп койчу, айланайын, суранам?! Айла кетип өзүңө кайрылуумдун себеби, 1968-жылы туулган уулум Бакытбек Мукашовду 2016-жылдын 23-октябрь күнү кечинде үйүнөн милиция кызматкери Жыргалбек Борбодоев аттуу эргул салып кеткен боюнча киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү эки күндөн соң, 25-октябрда баш калаадагы ГЭС-2 суусунан табылды. Ошондон бери эки жыл өттү. Арызданып, даттанып барбаган жерим калган жок. Суй жыгылдым. Башкы прокуратура баш, УКМК менен ИИМи төш болуп, бул ишти кайра-кайра биздин арызыбыздан улам карашып, иш козгошкону менен «бармак басты, көз кысты» кылып, жаап коюп жатышат. Эч жылыш жок. Бул аралыкта аталган органдарга бир нече ирет арызданганым менен укук коргоо органдарыбыздын эшигинен төрүнө чейин толук коррупция ээлеп алыптыр. Аргам кеткенде ушундай жыйынтыкка келдим. Көрсө, биздин күч органдарыбыз мен сыяктуу карапайым, арыз-муңу ичине толгон адамдардын укугун эмес, милициядагы Жыргалбек Борбодоевге окшогон баскан изинен көз көзүнө шек жаратып, «кой терисин жамынган карышкырдын» образын жараткан, кызматына, акчасына артын такагандардын укугун коргоону адатка айландырышканбы? Менин көзүм «карга карганын көзүн чокубасына» толугу менен жетти. Уулумдун өлүмүнө шектүү ИИМде иштеген милиционер Жыргалбек Борбодоевдин үстүнөн буга чейинкидей эле ИИМге, УКМКга, башкы прокуратурага кайра-кайра арыз жазганым менен эч бир натыйжа болбойт экен. Мындай адилетсиздикке жаным ачып, туура эки ай мурун гезит аркылуу коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевге кайрылгам. Кайрылуум гезитке чыгары менен коопсуздук кеңешинин кабылдамасынан мага чалышып, Сагынбаев өзү эмес, орун басары кабыл алып, кайгымды уккан соң ишти башпрокурордун орун басарына дайындаган. Башкы прокуратура кайрадан ИИМге чалышып, бул ишти дайындашканы менен тергөө кайра эле эски жолоюна түштү. Буга чейин мени ИИМ, УКМК, башкы прокуратура гана баланын оюнчугу сымал бири-бирине жөнөтүп ойнотуп келишсе, азыр ага коопсуздук кеңеши да кошулуп, кат аркылуу бул органдар бири-бирине «ишти карагыла» деген «дежур» жооптору менен алаксытышууда. Ыя айланайын, эки жылдан бери өлүмгө шектүү араларында бадырайып турса, кайсы ишти карашат?

Урматтуу Досалы балам!

Мен бүгүн өлкөбүздөгү эң коррупциялашкан укук коргоо органдарыбыздын бирине да ишенбейм. Булар эки жылдан бери «өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылышып, тергөөнү улам бирине жөнөтүшүп, мышык-чычкан ойноткондой мени дагы да ойното берчүдөй экен. Менин ИИМдин, УКМКнын, башкы прокуратура менен судмедэксперттердин капканына түшкөнүмө 733 күн болду. Аргам кетти. Милиционер Жыргалбек Борбодоев бүгүн жалгыз гана ИИМдин эрке баласы эмес, УКМКнын, башкы прокуратуранын, судмедэкспертизанын, жакындан тарта коопсуздук кеңешинин, керек болсо тагдырдын «эрке баласы» экен. Ошондуктан, бул эргулга президент экөөңөрдүн алыңар жетер бекен? деп өзүңө кайрьшууга аргасыз болуп калдым.

Урматтуу Досалы балам!

Баламдай эле жигит экенсиң. Өзүңдү медер тутуп, «балам» эле деп кайрыла берейин. Ушул ишти өз көзөмөлүңө алып, беш мүнөттүк убактыңды бөлүп койчу, суранам?! Акыркы үмүтүм президент экөөңөрдө. Мендей уулунун өлүмүнөн күйүткө баткан аксакалды президентңе он мүнөткө болсо да жолуктуруп, куру дегенде ушул ишти өлкө башчысына кабардар кылып койчу? Мен силерден бийлик же акча сурабайм, болгону ал киши тез арада ишти акыйкат каратып, шек жараткан күнөөлүүлөрдү жазалатып беришиңерди өтүнөм. Чыныгы кылмышкерлер жазаланганда гана көксөөм сууйт эле. Эки жылдан бери адилеттүүлүк издеп жүрүп, ден соолугумдан ажырадым. Алтургай өмүрүм коркунучка кептелди. Досалы балам, мени өзүң кабыл алсаң, иштин чоо-жайын толук түшүндүрүп берем, акыркы үмүтүм сенде, жооп күтөм, кагылайын?..

Ат-Башы районунун 76 жаштагы тургуну Султан Мукашев (телефону: 0700-49-22-83)

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: