Menu

Кудрин Путинди жеңилүүнүн “ак жоолугун” ыргытууга чакырды

Бөлүшүү:

Орусиянын тышкы саясатында негизги аткарыла турган жумуш, бул — ​Батыш менен мамилелерди жакшыртуу жана экономикалык санкциялардын режимин жеңилдетүү болуш керек — ​деп билдирди, орус президенти Владимир Путин менен Петербург мэриясынан бери бирге иштешип, бир командада жүргөн, белгилүү экономист, Орусия Федерациясынын Эсеп палатасынын жетекчиси Алексей Кудрин. Анын пикиринде, “бел курчоону катуулап тартуу”, кыскартуулар менен улуттук экономиканы өнүктүрүү планын ишке ашырууга мүмкүн эмес.

“Эгер санкциялар күчөтүлсө, көп көрсөткүчтөр боюнча, анын ичинде технологиялык жана социалдык өнүгүү боюнча президент койгон тапшырмаларды ишке ашырууга мүмкүн эмес экендигин — ​биз туура түшүнүп, мойнубузга алышыбыз керек. Ошондуктан мен бүгүн, Орусиянын тышкы саясатына — ​башка өлкөлөр менен болгон тирешүүлөрдү коё туруп, санкцияларды жеңилдетүүгө, жок дегенде санкцияларды тереңдетпестен ушул бойдон сактап калууга болгон аракеттеринин натыйжасына карап баа бермекмин”, — ​деди Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун өткөн жумада болуп өткөн отурумунда сүйлөгөн сөзүндө А. Кудрин.

Алексей Кудриндин мындай пикири Орусия Федерациясынын расмий тышкы саясый курсуна түздөн-түз каршы келет. Албетте, батыш менен конфронтацияга барыш керек деген эч ким жок деңизчи, бирок, дипломаттар да, мамлекеттин жогорку бийлик өкүлдөрү да батыштагы коллегалары менен болгон сүйлөшүүлөрдүн максаты жана негизи санкцияны жоюу боюнча эмес экендигин бир канча жолу белгилеп айтып келишет.

Орус бийлиги башынан эле коомчулукка — ​Батыштын санкциялары экономикага анчалык күчтүү таасир эте албай турганын байма-бай айтып, ишендирип келишет. Ал эми, Кудриндин — ​Орусия Батыш менен мамилелерин жакшыртуу керек, болбосо экономикабызда рецессия коркунучу бар — ​дегени кандай?..

Орус президенти Владимир Путиндин командасында өзгөчө орду бар, белгилүү экономист Кудрин -мындай билдирүү менен Орусиянын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзунун отурумунда кокустан эле чыкпас. Бул анын жеке өзүнүн пикири эмес, өзүнчө эле расмий эмес коллективдүү чакырык (манифест) сыяктуу. Эгер, андай болгон күндө бул билдирүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Жаныбек Атамбеков

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: