Menu

“Кумтөр” алтын кени сатылышы мүмкүн деген кептерге “Кыргызалтын” өз пикирин айтты

Бөлүшүү:

Centerra Gold компаниясы иштетип жаткан “Кумтөр” алтын кенин Кытайлык Shadong Gold компаниясына сатылышы мүмкүн деген кептерге “Кыргызалтын” өз пикирин айтты.

“Кыргызалтын” бул маселе тууралуу так жооп алуу үчүн Канадалыктарга суроо жөнөткөн.

“Ага “Centerra Gold” ачык компания болгондуктан, ага үчүнчү тараптардан анын ичинде Кытай тараптан кызматташуу жөнүндө ар кандай сунунуштар түшүп турганы мүмкүн экенин, жана бул дүйнөдө колдонулуп жүргөн практика экенин билдиришкен.

“Centerra Gold” расмий тактагандай, эгерде кандайдыр бир каржы маселесине тийиштүү сунуш  жок дегенде талкулоо этабында жүрүп жаткан болсо, анда “Кыргызалтын” бул жөнүндө биринчилерден болуп кабар алмак.

“Белгилей кетсек, үчүнчү тараптан түшкөн сунуштун үстүндө жумушту улантуу маселеси компаниянын бардык акционерлеринин макулдашуусу менен гана жүргүзүлөт, аны жөн гана жетекчилер чече алышпайт “-деп билдирген компания.

Азыркы күндө дал ушул “Кыргызалтын” “Сenterra Gold” иштетип жаткан “Кумтөр” кени боюнча эң чоң акционери болуп саналат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: