Menu

Фото – ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-июнда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы,  генералдар, Академиянын ардагерлери, Э. Алиев фондунун өкүлдөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, туугандары жана достору катышышты.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри  Кашкар Джунушалиев куттуктоо сөзү менен чыгып, анда:

«Саламатсыздарбы урматтуу коноктор, ардагерлер, офицерлер жана бүтүрүүчүлөр! Чын дилимден баарыңыздарды ушул салтанаттуу жана кубанычтуу бүтүрүүчүлөр
күнү менен куттуктайм.

Бүгүнкү Академиянын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын ИИМдин  территориалдык бөлүктөрүнүн жана кызматтарынын кызматкерлеринин катарына  Кыргызстандын ИИМдин окуу жайынын 50 жылдык юбилейинде билим алуусун  аякташты. Анын жөнөкөй эмес тарыхы биз сыймыктанган даңкталган жана атагы чыккан барактарга бай. Кайраттуу офицердик салттарга бекемдик сактоо менен кесиптик ийгиликтерге жетүүңүздөргө шектенбейм. Силердин алдыңарда Кыргызстандын милициясынын эртеңки күнүн жана наамын аныктоо, укук коргоо органдарынын эң жакшы салттарын сактоо жана өнүктүрүү маселелери турат. Ар бириңердин ушул жогорку жоопкерчиликти сезгениңиздерге ишенем. Дипломго ээ болгон адис катары ички иштер органдарында кызматыңыздарды улантуу менен, Сиздер абийириңер жана ар-намысыңарды жогору көтөрүү менен ички иштер органдарынын кызматкери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчү жогорку наамын көтөрөсүңөр. Антыңарды, алдыңардагы милдеттерди аткарууга так болгула жана Силердин кесиптик ишмердүүлүгүңөрдүн баалануусунун башкы критерийи болуп – жарандардын алдындагы авторитет жана алардын сыйлоосу, ишеними. Адамдардын мындай ишениминин негизинде алгач ишенич орун алып, ага өз жанын, өмүрүн аябаган кызмат, талыкпаган жана күнүмдүк эмгек негиз жана анын ишке ашуусуна түрткү жаратат. Ошол себептен милицияны элдик сыйлоо, биринчиден биздин ардагерлердин сиңирген эмгегинин натыйжасы болуп эсептелип, алар өздөрүнүн өмүрүн кылмыштуулукка каршылык көрсөтүүгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого арнашкан.

Биз дайыма укуктук тартипти сактоо органдарындагы кызматтын жалгыз гана таза сыпаттардын жана милдеттерине тактыкты талап кылбагандыгы унутпашыбыз керек. Албетте ал өзүнүн кесибине болгон сүйүүнү, ички күчтүү негизди, өзүнүн ар бир чечимин үчүн жоопкерчиликти алууга даярдыкты түшүндүрөт»,-  деп белгиледи министр.

Ошондой эле министр өз сөзүндө академиянын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жогорку кесипкөй, түрдүү багытта өнүккөн, маданий жактан билимдүү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлгөн эң татаал жана жооптуу маселелерди чечүүгө даяр ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоого зарыл болгон аракеттерди жасап жаткандыгын белгилеп, аларга ыраазычылыгын билдирди. ИИМ башчысы бүтүрүүчүлөргө кайрылып, «Кыргыз Республикасынын ИИМдин
Академиясынын дубалдарында алынган терең теоретикалык билимдер, негиздүү  кесиптик даярдык жана моралдык-психологиялык бышыруу бүтүрүүчүлөрдүн андан ары өнүгүүсүнө жана өзүнүн ордун табууга бекем негиз болгондугун белгилейм. Силердин кызматыңар түрдүү сыноолорго көп болуп, ошол эле учурда кызыктуу жана мазмундуу болот. Бардык кыйынчылыктардын ийгиликтүү түрдө чечилип,  өтүлүүсүнө ишенем. Анткени ага жетиштүү потенциал бар. Ошондуктан биз силердин алдыңарга чоң үмүттөрдү алдыга коебуз. Бүтүрүүчүлөргө, бардык кызматкерлерге бекем ден-соолук, тынчтык, сак-саламаттык жана андан аркы кесиптик ишмердүүлүктө ийгиликтерди  каалаймын»,-деп куттуктоо сөзүн айтып, кеңешин берди.

Быйыл, ИИМдин Академиясын 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 15 кыздар. Ал эми үчөө артыкчылык дипломдорун алышты.

Мындан ары ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү Ички иштер органдарынын толук укуктуу кызматкерлери болуп, бөлүштүрүүлөрдөн соң, аймактарда кызмат өтөөгө киришишет. Эми алар коомдук-коопсуздукту коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу милдетин алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө салтка айланып калгандай бүтүрүүчүлөр Академиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда, КР ИИМдин Академиянын  күжүрмөн туусу менен коштошуп, салтанаттык жүрүш менен өтүштү.

Соңунда  бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусунда  “Офицердик вальсы” аткарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 71 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: