Menu

“Манас”: эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар эл аралык каттамдар токтотулду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын “Манас” аэропорту эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу он чакты туруктуу эл аралык каттамдар токтотулганын кабарлады. Ага ылайык:

Бишкек – Воронеж – Бишкек каттамы 3-апрелден 25-апрелге чейин;

Бишкек – Грозный – Бишкек каттамы 30-марттан 6-апрелге чейин;

Бишкек – Иркутск – Бишкек каттамы 1-апрелден 29-апрелге чейин;

Бишкек – Новосибирск – Бишкек каттамы 31-марттан 2-апрелген чейин учпайт.

5-апрелдеги Бишкек – Казань – Бишкек, 2-майдагы Бишкек – Краснодар – Бишкек, 30-апрелдеги Бишкек – Красноярск – Бишкек, 3-апрелдеги Бишкек – Сургут – Бишкек каттамдары токтотулду. Бул аба каттамдарын «Авиа Траффик» компаниясы жүргүзөт.

«China Southern Airlines» компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамын белгисиз мөөнөткө токтотту. Ал эми «Air Astana» компаниясы Алматы – Бишкек – Алматы каттамдарында айрым күндөргө чектөө киргизди. Ага ылайык:

29-марттан 29-апрелге чейин дүйшөмбү жана бейшемби, 31-марттан 28-апрелге чейин шаршемби, 30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жума күндөрү учак каттабайт.

“Манас” аэропорту аба каттамдар боюнча airport.kg сайтынан маалымат алууга чакырат.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: