Термез шаарында өткөн эл аралык археологиялык форумда Сурхандарыя облусунда табылган Кампиртепа шаарчасы эки миң жыл мурун жоголгону жарыяланды.
«Кампиртепа – бул айтылуу Александрия Оксианскаянын аймагы экенин билдик. Биз бул боюнча көп материал даярдап жатабыз. Максат – бул жерди дүйнө картасында белгилөө. Бул окумуштуулар менен туристтердин көңүлүн бурган жакшы ачылыш болот. Ал үчүн керектүү далилдер бар», – деди премьер-министрдин орун басары Азиз Абдухакимов.
Өзбек өкмөтүнүн билдиришинче, Александрия Оксианская шаары миң жылдан бери тарыхый китептерде гана эскерилип жүрөт. Бирок эки миң жыл бою бул шаар кайда экенин эч ким билген эмес.
Кампиртепдеги археологиялык казуулардын жыйынтыгы менен 1972-жылы өзбекстандык академик Эдуард Ртвеладзе байыркы шаардын урандыларын тапкан. Ошондон бери ал бул калдыктардын Александрия шаарына тиешелүү экенин тастыктаган далилдерди топтогон.
Тарыхый булактарга ылайык, Александрия – Амударыянын жээгиндеги Александрия Оксианская шаары. Ал Александр Македонский түптөгөн грек-бактрия мамлекетинин чыгыш бөлүгүндөгү таянычы болгон. Александрия Оксианская шаары биздин доорго чейин III – II кылымдарда гүлдөп-өнүккөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ