Бүгүн Канатбек Исаев Токмоктогу жердештери менен жолугушууда Каныбек Иманалиевге кылмыш иши козголгонун айтып, Абдил Сегизбаев экөө шайлоодон кийин камаларын ачыктады. Бул боюнча имиш кептер болуп келсе, эми реалдуулукка айланабы? Ал эми өзүнө Жогорку Кеңештин төрагалыгын, Бишкек мэрин сунуш кылышканын, бирок элдин келечеги үчүн кызматтардан баш тартып, шайлоого аттанганын, бакиевчилерге каршы күрөшөрүн шардана кылды. (Сыягы, кыл чайнашуу алдыда окшойт.) О.э. Канатбек Исаев кысымдарга кабылып атканын, аныгында камалуудан да коркпостугун билдирип, чындыкка карай күрөшөрүн, мамлекеттүүлүктүн сакталышы үчүн аягына чейин турарын бышыктады.
Булак: “Арыба.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ