КР УКМК чет элдик жаран А.О.нун арызы боюнча кыргыз жараны У.К.га КР Кылмыш кодексинин 204-ири суммадагы алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, азыр сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Курсан Асановдун аялы У.К. 2017-2018-жылдарда инвестор А.О.дон чоогу бизнес кылабыз деп $5 млн акча алып, убадасын аткарбаган жана акчаны да кайтарып берген эместиги такталды.
Эскерте кетчү нерсе, чет элдик инвестор А.О. бул акчаларды өлкөдөгү керектүү бизнес долбоорлорго салууну пландаштырган.
Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыктоочу материалдары тергөө органдарына өткөрүү үчүн бекитүүгө Генпрокуратурага жөнөтүлдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ