Былтыр 11-сентябрда Бишкектеги Фучик көчөсүндө маc болуп алып ээн баштык кылган кишини тартип сакчысы кармап тартипке чакырган. Маc неме милицияга атырылып, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болгон. Мас неме карап турмак беле, урдум энеңди деп туруп, милицияны алка жакадан алып, ийниндеги погонун жулуп алган. Ызаланган милиция көргүлүктү көрсөтөм сага деген бойдон жолуна түшкөн. Көп өтпөй эле погон жулган ээн баш колго түшүп, камакка алынган. Ошол жаранды кечээ Биринчи май райондук соту 5 жыл, 6 айга абакка кести.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ