Menu

Каныбек Иманалиев шайлоодо жеңишке жетсе, “айрым талапкерлерди өз командама алам” деп убада берди

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-январда президенттикке талапкерлердин теледебатында Каныбек Иманалиев атаандаштарынын кээ бирлерин мактап, шайлоодо жеңишке жетип калса, аларды өз командасына аларын айтты.

Буга чейин алып баруучулар кризистен чыгуунун жолдору боюнча суроо беришкен. Иманалиев айтымында, буга чейин бир топ депутаттардын тобу “Экономикалык эркиндик актысы” деген аталышта 17 мыйзам долбоорун иштеп чыгышкан. Алар салык системасын жоюуну, салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөнүн электрондук форматына өтүүнү караштырат. 

Иманалиев реформаторлордун күчтүү командасы керек экендигин кошумчалады.
“Талапкерлердин арасынан мен чыныгы реформаторлорду көрдүм. Булар: Аймен Касенов, Элдар Абакиров, Бакыт Калмаматов, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова. Эгер мен президент болуп калсам, аларды өз командама алам. Бизде реформатордук рух, реформалык программа бар. Биз сөзсүз ийгиликке жетебиз, үч жылдын ичинде Кыргызстан кризистен чыгат. Мен толук ишенем”, – деди ал.

Белгилей кетсек, жекшемби, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: