Бүгүн, 9-январда саат 08:00дөн баштап Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоонун алдында жымжырттык күнү башталды.
10-январдагы шайлоо менен катар өлкөдө мамлекеттик башкаруу формасын (парламенттик же президенттик) аныктоочу референдум өтөт.
Жымжырттык күнү президенттикке талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Шайлоо процессинин катышуучулары “жымжырттык күнүн” бузган учурда, БШК мыйзам бузуучуга чара көрүүгө укуктуу.
Белгилей кетсек, БШК президенттикке 17 талапкерди каттаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ