Menu

КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Шанхай кызматташуу уюмунун байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-январда КРнын тышкы иштер министри Р.Казакбаев КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Бишкекке келген Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Казакбаев КРнын негизги иш-чарасына кызыкдарлыгы жана катышууга ынтызар болгондору үчүн ШКУнун эл аралык байкоочуларына ыраазычылык билдирген.

Министр өлкөнүн жетекчилиги тарабынан таза демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн көрүлүп жаткан күч-аракеттери жөнүндө маалымдады. Ошону менен бирге, 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы окуялар Кыргызстандын эли өз оюн эркин билдирүүнү баалаган демократиялык мамлекет болуп санала турганын көрсөткөнүн баса белгилеген.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын даанышман жана көп улуттуу эли эгемендүүлүктүн ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат, ал өлкө кандай жол менен кетээрин жана аны ким башкара тургандыгын өзү чечээрин белгилеген.

Мындан тышкары министр Кыргызстан өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин толук карманарын жана мурда кол коюлган эки жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды так аткарарын ырастаган.

ШКУнун алкагындагы кызматташуу маселелери боюнча Руслан Казакбаев ШКУга Кыргызстандын катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктардын бири болуп саналарын белгилеген.

Ошону менен бирге Министр пандемияга байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, ШКУга мүчө-мамлекеттер Уюмдун алкагында бир катар маселелер боюнча активдүү кызматташууда, анын ичинде саясат, коопсуздук, экономика, инвестиция, финансы, соода, транспорт жана башка чөйрөлөрдөгү кызматташууларды белгиледи. Тыгыз өз ара аракетте  2020-жылы видеоконференция форматында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынын (Премьер-министрлеринин) кеңешинин жыйналыштары сыяктуу ШКУнун алкагында негизги иш-чаралар ийгиликтүү уюштурулган.

ϴз кезегинде ШКУнун байкоочулар миссиясынын координатору, Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.В.Чепа КР Президентин шайлоого жана КР референдумун өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшүнө мониторингдин алкагында Миссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле алдыда боло турган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум  максималдуу ачык жана татыктуу өтөөрүнө ишеничин билдирген. А.В.Чепа Кыргызстандын көп улуттуу эли бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат, ал эртең шайлоодо өлкө үчүн тарыхый маанилүү тандоо жасарын баса белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: