Чүй облусундагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан аймактагы 406 шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары шайлоо тилкелеринде иш алып барган комиссия курамына өрт коопсуздук эрежелерин алдын алуу боюнча нускамалар өткөрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын кызматкерлери 9-10- январь күндөрү баардык шайлоо тилкелеринде коопсуздукту алдын алуу үчүн нөөмөткө турушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ