Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумун өткөрүүнүн алкагында бүгүн 2021-жылдын 10-январында жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинин астында №9034 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыздоо максатында социалдык дистанция жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө.
Шайлоо участогу жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин ачык болот.
Шайлоочулардын тизмесине буга чейин кирген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары участокто добуш бере алышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ