Menu

Парламенттик шайлоо качан болору айтылды

Бөлүшүү:

“Парламенттик шайлоо май айынын аягында болот деп күтүп жатабыз”, – деп билдирди кечээ, 10-январда Садыр Жапаров президенттик шайлоонун жана референдумдун алдын ала жыйынтыктарынан кийин маалымат жыйын берип жатып.

“Административдик ресурстарды колдонуу, добуштарды сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга жол бербейбиз. Мындан ары бардык шайлоо таза өтөт. Элдин аң-сезиминде “БШК жыйынтыктарды бурмалайт” деген пикир калыптанган. Менде дагы мындай пикир болгон. Бирок мен бийликке келип, БШКдагы серверлерди текшергенде, андай эмес экенине ынандым. Бирок ошентсе дагы, мен биринчи бийликке келгенде “блокчейн” системасын орнотобуз деп айткам. Бүгүнкү күндө бул система БШКга орнотулган. Шайлоо ошонун негизинде өттү. Кудай буйруса, кийинки беш жылдыкта ар бир урнага “блокчейн” системасын орнотуп, чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз сматфонунан эле добуш бергендей системага жетебиз”, – деп билдирди Жапаров. 

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда президенттик шайлоо жана референдум өттү. 11-январь саат 08:00гө карата добуштарды электрондук эсептөө боюнча, шайлоочулардын 79,2%ы – миллиондон ашык кыргызстандыктар Садыр Жапаровго добуш беришкен. Ошол эле учурда, кезексиз президенттик шайлоого калктын 33,13% гана барган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: