Menu

Балбак Түлөбаев: “Садыр Жапаров ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэринин м.а. Балбак Түлөбаев президенттик шайлоодо эл жеңгенин билдирди. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

Балбак Түлөбаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, элди аны колдоого чакырды.

“Эл жеңди. Эл тажаган. Эл үмүттү тандады. Чыныгы жеңиш. Тарыхый чындык. Текши кыргыздын жеңиши. Садыр Жапаров ажобузду куттуктайбыз. Эми жалпы жардам берип өлкөнү өстүрөбүз. Өзүнүн абройу менен алды. Алдыда өтө чоң ашуулар, кыйынчылыктар турат. Убакыт керек. Колдоо керек”, – деп жазды ал.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өттү. Ага  1 581 569 шайлоочу катышты. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, шайлоодо  1 581 569Садыр Жапаровго 79,24% добуш менен сап башына чыкты. Экинчи орунда  6,71% менен Адахан Мадумаров турат.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгы: президенттик башкарууну колдогондор – 81,27% ; парламенттик башкарууну жактагандар 10,82%; экөөнө тең каршылар – 4,42% болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: