Menu

Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын Хива шаарына өткөрүп берди

Бөлүшүү:

“Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Хива шаары болуусу тууралуу чечим бүгүн, 30-ноябрда Ош шаарында ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу Кеңешмесинин 37-отурумунда белгилүү болду. Жыйындын алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусун арттыруу багытында келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов түрк тилдүү мамлекеттерде 2019-жыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жылы деп белгиленген болсо, 2020-жыл Казакстандын улуу акыны Абай Кунанбаевдин жылы деп белгиленгендигин түзүлгөн келишимдердин негизинде жарыялады.

Отурумда Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эстафетасын Өзбекстандын Хива шаарына өткөрүп берип, эки тараптуу келишимге кол коюлду.

2020- жылы Түрксой уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынына төрагалык Өзбекстан Республикасынын Маданият министрлиги кылат. Ошондой эле Хива шаарында бир катар маданий иш чаралар өтө тургандыгы белгилүү болду.

Хива шаары тарыхына, маданиятына, өндүрүшүнө жана учурдагы жашоо шарты тууралуу баяндаманы Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Камола Акилова жана Хива шаарынын мэри жасады.

Эске салсак, Ош шаарында өткөн 37- жыйынды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов төрагалык кылып, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайджан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: