Menu

Футзал боюнча «Наристе-2021» мелдеши аяктады

Бөлүшүү:

8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда (Бишкек шаары) салттуу футзал боюнча «Наристе-2021» мелдеши аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.

Салтанаттуу сыйлоо аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, уюштуруу комитеттин өкүлдөрү жана мелдештин калыстары катышышты.

Мелдештин катышуучуларына кайрылып, Канатбек Арпачиев спортчуларды жакшы жана адилеттүү оюн көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Футзал боюнча «Наристе-2021» мелдешине жалпысынан 57 команда катышты. Турнир төрт тайпада өткөрүлдү: мамлекеттик органдардын арасында, 35-жаштан улуу, 45-жаштан улуу жана 50-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында.

Мелдеш футзалды туруктуу өнүктүрүү жана аны республикада жайылтуу максатында өткөрүлдү. Иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыктары:

Мамлекеттик органдардын арасында:

1 орун «Ички иштер министирлиги»;

2 орун «Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат»;

3 орун «Мамлекеттик салык кызматы».

Номинациялардын жеңүүчүлөрү:

«Мыкты дарбазачы»  Сейтахунов Актан, ЖАМК;

«Мыкты оюнчу»  Токтакунов Бакыт, ИИМ;

«Мыкты бомбардир»  Аралбаев Эрзат, МСК;

«Мыкты менеджер»  Аманов Мирбек, Сокулук МРА.

35-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында:

1 орун «Фарватер»;

2 орун «Налоговик»;

3 орун «Регион 09».

Номинациялардын жеңүүчүлөрү:

«Мыкты дарбазачы» – Калдаров Санжар, Беловодск;

«Мыкты оюнчу»  Исаев Рустам, Регион 09;

«Мыкты бомбардир»  Дуванаев Марат, Налоговик;

«Мыкты менеджер»  Оболбек уулу Айтбек, Фарватер.

45-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында:

1 орун «Алга Дордой»;

2 орун «Акжол»;

3 орун «Чүй».

Номинациялардын жеңүүчүлөрү:

«Мыкты дарбазачы»  Байчериков Мирлан, Чүй;

«Мыкты оюнчу»  Маматов Жениш, Алга Дордой;

«Мыкты бомбардир»  Пусурманов Каныбек, Лейлек;

«Мыкты менеджер»  Жаркынбаев Бакыт, Акжол.

50-жаштан улуу сүйүүчү-ардагерлер арасында:

1 орун «Ала-Тоо Нарын КАН»;

2 орун «Фарватер»;

3 орун «Восток Премиум».

Номинациялардын жеңүүчүлөрү:

«Мыкты дарбазачы» – Джанузаков Таалай, Фарватер;

«Мыкты оюнчу»  Бекиев Бекболот, Алтын-Топ-2;

«Мыкты бомбардир»  Гевленко Олег, Восток Премиум;

«Мыкты менеджер»  Куттубаев Таалай, Ала-Тоо Нарын КАН.

Мелдештин «Мыкты калысы» – Назарбек уулу Калыбек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: