Сокулук районунда батирдин биринде өрт чыгып, 4 адам түтүнгө ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү саат 21:50 чамасында Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Жаңы Конуш тилкеси 14-үй, батирдин 10 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 4 адам (2 эркек 1976-жылы туулган, 1930-жылы туулган, 2 кыз 2008-жылы туулган, 2005-жылы туулган) түтүнгө ууланып, райондук ооруканага жеткирилген жана 8 адам эвакуацияланган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ