Central Asia Monitor гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Бигелди Габдуллин журналистикадан кете турганын жарыялады. Гезиттин сайтында жарыяланган билдирүүдө Габдуллин журналистика стандарттарын бузганына байланыштуу мындан ары бул иш менен алектене албай турганын жазган.
Бигелди Габдуллин жети өлчөп бир кескенин, бул чечимдин аркасында эч кандай саясий күчтөр жок экенин кошумчалаган.
Январда беш жылга шарттуу түрдө кесилген 63 жаштагы Габдуллин Назарбаевди жана анын саясатын жактай турганын жазган.
Бигелди Габдуллин 2016-жылы ноябрда мамлекеттик кызматтагы адамдарды коркутуп, алардын беделине шек келтирген макалаларды жарыялайм деп акча талап кылган деген айып менен камакка алынган. Айыпталуучу өз күнөөсүн мойнуна алып, жабыркаган тарапка келтирилген зыян катары 20 миллион тенге же 60 миң доллар төлөп бергендиктен шарттуу түрдө кесилген.
Габдуллин 1990-жылдары президент Нурсултан Назарбаевди сындап жазган макалалары менен белгилүү. Ал 2000-жылдары өз өмүрүнөн коркуп АКШга качып кетүүгө мажбур болгон. Төрт жылдан кийин ал өз саясий көз караштарын өзгөртүп Казакстанга кайтып келип, мамлекетке караштуу Central Asia Monitor басылмасынын башкы редактору болуп дайындалган. Кийинчерээк Radiotochka.kz. маалымат агенттигин негиздеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ