Бүгүн, 12-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 115 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 47, Чүй облусунан – 43, Ош облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 12, Жалал-Абад облусунан – 3, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан -2 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 82 495 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 178 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 78 181ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 60, Чүй облусунан – 43, Ош облусунан – 8, Талас облусунан -4, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 12, Баткен облусунан – 14, Нарын облусунан – 7.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 2 бейтап: Бишкек шаарынан – 2, Ысык-Көл облусунан – 1 каза болду. Алардын жалпы саны 1374кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ