Социалдык фонддун Талас райондук бөлүмүнүн башчысы Ы.И.С. УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Ы.И.С. Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине иш сапар чыгымдарына бюджеттен бөлүнгөн акчаны менчиктеп алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаганы аныкталды”, деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ