Интернетте тараган жаш балага байланыштуу видео боюнча буга чейин эч кандай факты катталган эмес жана облус боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, буга чейин интернет желелери жана социалдык түйүндөр аркылуу жаш баланын көздөрү канга окшогон видео таркаган. Ал видео боюнча бала сырттагы суукка чыкпасы үчүн апасы колуна телефон берип ошону көрүп отурганда телефон жарылып кеткен жана ал окуя 10-январь шайлоо күнү саат 11:30 чамаларында Орловкада болгон деген маалымат таркаган.
Бул маалымат боюнча, Чүй облусунун саламаттыкты сактоо өкүлдөрү Кемин районунун Орловка шаарында мындай окуя катталбаганын билдирген. Жогорудагы факты Чүй облусунун ИИОго буга чейин катталган эмес. Учурда Кемин районунан сырткары жалпы Чүй облусу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Эгерде кандайдыр бир маалыматтар болсо кошумча маалыматтар кабарланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ