Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Кыргызстандын бюджетине 7 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, мамлекеттик агенттикти текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
2018-жылдан 2020-жылга чейин бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу менен дары чөптөрдү чогултууга уруксат берүүдө мыйзамдарда белгиленген жыйымдардын өлчөмү толук алынбай калган. Ведомствонун кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 290 366 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ